17.09.2018 11:57

Шаардык сот Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды

Шаардык сот  Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды. Соттун жанында чогулган Ибраимовдун жактоочулары аны бошотууну жана соттук отурумду ачык өткөрүүнү талап кылышты. Ибраимовдун жактоочусу бул чечимге каршы жакын арада Жогорку Сотко арызданаарын билдирди. 

Эскерте кетсек, Албек Ибраимовго карата Биринчи май райсоту чыгарган өкүмгө каршы доо арыз 12-сентябрда эле каралмак. Бирок, сот отурумду жабык өткөрүү чечимин кабыл алганы экс-мэрдин тарапташтарынын нааразычылыгын жараткан. Андан улам, алар жактоочуну сот залына киргизбей коюшкан.